Бишкекте академик Аскар Какеевдин “Күмөн Болотов” аттуу даректүү китебинин бет ачары болот
2-июлда саат
14:30да Улуттук
илимдер академиясынын чакан залында академик, филология илимдеринин доктору,
профессор Аскар Какеевдин “Күмөн Болотов” аттуу даректүү китебинин бет ачары
болот. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы билдирди. Китепте Жоомарт Бөкөнбаевдин “Ажал менен ар-намыс” чыгармасынын баш
каарманы Күмөн Болотовдун тагдыры баяндалат. Китепте Күмөн Болотов Улуу Ата Мекендик
согушка чейин Кыргыз ССРинин Эл комиссариатында эмгектенген, элине бир топ
мээнет кылган инсандардын бири болгондугу, 1941-жылда башталган Улуу Ата
Мекендик согуш көп тагдырлардын нугун бузгандай эле, анын да тагдырын өзгөрткөндүгү
тууралуу айтылат.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.