ЮНИСЕФтин Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү 42 адамдын ууланышы боюнча: "Биздин ыктыярчылар эмнеден уулангандыгын айтууга эрте"
Бишкек шаарында "Ак-Кеме" мейманканасынан тамактанган 42 адам ууланып ооруканага түшкөнү айтылып, аталган мейманкананын жетекчиси уулангандар башка жерден да тамактанганын билдирген эле.
Бул окуя тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргыз өлкөсүндөгү жетекчисинин орун басары Мунир Мамедзаде SUPER.KG'ге пикирин билдирди.
"Биздин ыктыярчылардын аталган мейманканадан башка жерде да тамактангандыгы чын. Тамактан уулангандардын анализдери экспертизага жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы чыкмайынча бир нерсе деп айтуу кыйын. Экспертизанын жыйынтыгы чыкканда гана баары белгилүү болот", - деди Мунир Мамедзаде.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.