Москвада орусиялык оппозиционер Алексей Навальный кармалды
Москва шаарында орусиялык оппозиционер Алексей Навальный кармалды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары анын басма сөз катчысы Кира Ярмышка таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Навальныйды кечээ, 25-августта үйүнүн жанынан кармап кетишкен. Аны "Даниловский" полиция бөлүмүнө алып келишкен. Навальныйдын камалышы 9-сентябрга белгиленген акцияга байланыштуу экени жазылууда. Буга чейин ал пенсияга чыгуу жашын жогорулатууга каршы митингдерди уюштуруп келген.
Орусиянын өкмөтү пенсия курагын аялдар үчүн 63 жашка, эркектер үчүн 65 жашка жогорулатууну сунуштоодо. Аталган реформа этап менен ишке ашырылып, 2019-жылдан башталмакчы. Аялдардын пенсия курагын жогорулатуу 2028-жылга чейин, ал эми эркектердики 2034-жылга чейин ишке ашырылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Kuban1990

26.08.2018. 12:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Навальный качан карасан полиция кармап кетип аткан, ал чындыкты айтып келет дайыма!!!
JackTheRipper

26.08.2018. 20:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блэд Нэвэльный!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.