super.kg logo

Президент Мамэкотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысынын кайрылуусун иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырды

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамэкотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 25-августта президенттин тапшырмасынын негизинде Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери Анара Мамбеталиева менен жолугушкан.

"Кечээ Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери президенттин тапшырмасынын негизинде Анара Мамбеталиева менен сүйлөшүү өткөрүштү. Ал айтып жаткан коррупцияга байланыштуу билдирүүдөн жыйынтык чыгаруу үчүн анын өзүнөн расмий арыз керек. Коопсуздук кеңеши мурдагы басма сөз катчыга расмий арыз менен кайрылууну сунуштап, материалдарды берүүнү айткан. Мамбеталиева келе жаткан жума расмий арыз жазууга жана коррупциялык иштер боюнча материалдарды берүүгө макулдугун билдирди", -деди Стамалиева.

Буга чейин Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан. Кийинчерээк "коррупцияга аралашкан" деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атаган.

Ал эми аталган мекеме басма сөз катчынын кызматтан бошотулганын мыйзамда тыюу салынганына карабай мекеменин ичинде митинг өткөргөндүгү менен байланыштырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
26.08.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми аягына чыккыла байкуш келинди өзүн күнөлөпкойбой
26.08.2018. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат. Президент убагында реакция жасаганыныз учун.ушуну кандай болот экен деп коомчулук кутуп турган эле.эми жыйынтык чыгышы керек.башкаларга сабак болот.
26.08.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул эр журок келиндин озун куноолуу кылып койбогула.
26.08.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул эженинин айткандары такталып. Экотехинспекция коррупционерлерден тазаланса. Эн жакшы болмок. Кыргызстандагы 1 жаран болмок. Озу иштегендери мекемени тю коррупциядан тазалаган
26.08.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындыкты көмүп салбагыла адатыңарча .
26.08.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмки жума дебей эле сразу жазбайбы.
26.08.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сууга чөгүп же авария болуп кетпесе экен...
Далай азаматтарыбыздын көздөрүн тазалап койдуго паракорлор...
26.08.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жыйынтык чагар бекен эми же...
26.08.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми президентти уят кылбай адилеттүү текшеришсин
27.08.2018. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корбузго эми ушул жерден Сооронбай Шариповичтин ишин?! Айткан созу менен кылган иши бир болоор бекен, биздин президентибиздин...
27.08.2018. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сразу эле жазбайбы десен неге кутуп атат экен кызык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: