super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылында 4 үй өрттөндү. Өрт өчүрүүчүлөр кечигип келишти" дейт окурман

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылында 4 үй өрттөнгөн. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" маалымдады.

"24-августка караган түнү 4 барак тибиндеги үй өрттөнгөн. Үйдүн ичиндеги мүлктөр күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдү чакырышса кечигип келишкен. Айыл тургундары арыктан суу ташып өрттү өчүрүүгө аракет кылышкан. Учурда кырсыктан жабыркаган үй-бүлө боз үйдө жашап жатышат", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






"Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жыргалчак айылында 4 үй өрттөндү" дейт окурман

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: