super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз өлкөсү медалдар боюнча Жайкы Азия оюндарындагы рекордун жаңылады (тизме)

 

Азыркы тапта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында Кыргыз спортчулары 16 медаль тагынып, Азиянын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүүдө.

Кыргыз спортчулары Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынын 8 күнүндө 2 алтын, 5 күмүш жана 9 коло медаль тагынышты. Бул Азия оюндарындагы өлкөнүн эң жогорку көрсөткүчү.

Алтын медалдар: Төрөкан Багынбай уулу (жиу-житсу), Дарья Маслова (жеңил атлетика).

Күмүш медалдар: Магомед Мусаев (эркин күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Каныбек Жолчубеков (грек-рим күрөшү), Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү) жана Нурсултан Алымкулов (жиу-житсу).

Коло медалдар: Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү), Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү), Амантур Исмаилов (грек-рим күрөшү), Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү), Иззат Артыков (оор атлетика), Абдурахман Муртазалиев (жиу-житсу), Муртазали Муртазалиев (жиу-житсу), Жолдошбек Акимканов (пенчак силат) жана Данияр Токуров (пенчак силат).

Кыргыз спортчулары Азия оюндарында 1994-жылдан бери катышып келе жатат. Кыргыздардын эң ийгиликтүү Азия оюндары 2002-жылы болгон. Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн мелдеште Кыргыз спортчулар 12 медалга ээ болуп, анын 2си алтын, 4ү күмүш жана 6 медаль коло болгон.

1994-жылы Японияда өткөн оюндарда Кыргыз спортчулары 9 медаль (4 күмүш жана 5 коло медаль) утушкан;

1998-жылы Таиландда өткөн оюндарда 6 медалга (3 күмүш жана 3 коло медаль) ээ болушкан;

2006-жылы Катарда өткөн оюндарда 8 медаль (2 күмүш жана 4 коло медаль) багындырышкан;

2010-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарында 5 медаль (1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль) утушкан;

2014-жылы Түштүк Кореяда өткөн Азия оюндарында 6 медаль (2 күмүш жана 4 коло медаль) тагынышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
27.08.2018. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар !!! бирок куроштон алтын жогу кичине окундурот да
27.08.2018. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рекорд жаңыланды биз үчүн бул чек эмес. Алгалай бер Қырғызым!!!
27.08.2018. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barsbegKG, Кыргызым дегенди кыргызча жазчы, казакча жазбай!!!
27.08.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iliya, катачылык түзөтүлдү, рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: