super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков кыргыз элинин түпкү мекени Алтай экенин белгиледи

 

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыздардын түпкү мекени Алтай жергеси экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-августта Бишкекте өтүп жаткан Эл аралык туруктуу алтай таануу боюнча жыйынынын "Алтай тектүү дүйнөнүн элдик оюндары, аларга байланыштуу салттары жана үрп-адаттары" аттуу 61-отурумун ачып жатып билдирди.

"Күнөстүү Кыргыз жергесине, Алтай тектүү элдердин тарыхына жана маданиятына арналган эл аралык конференцияга кош келиңиздер.

Бүгүнкү иш-чаранын ишине Батыш менен Чыгыштан келген көрүнүктүү окумуштуулар катышып жатасыздар.

Бул конференция 1957-жылы Мюнхен шаарында болуп өткөн 24-эл аралык чыгыш таануу конгрессинин чечими менен түзүлгөн. Ошондон бери эл аралык конференциянын өтүп келиши Алтай мурасына, маданиятына кызыгуунун жогору экенин билдирет.

Кыргыздар үчүн Алтай темасы символикалуу мааниге ээ. "Башканы коюп манасты айт" демекчи, улуу Манас бабабыздын Алтайда төрөлүшү эле кыргыз баласынын жүрөгүндө Алтай тууралуу өзгөчө ыйык сезимдерди жаратат. Археологиялык, фольклордук жана жазма булактар боюнча Алтайдан тараган, азыр Жер Ортолук деңизден тартып Тынч океанына чейинки жердеп турган элдин көпчүлүгү тектеш. Алар сыяктуу эле кыргыздар да Алтайды түпкү мекени деп эсептейт. Ошондуктан бул жыйын биздин илимпоздор үчүн эл аралык окумуштуулар менен баарлашуусуна жагымдуу шарт жаратат.

Бүгүнкү конференция алдына койгон максаттарына жетет деп ишенем. Жыйындын катышуучуларына, конокторго жана элибизге тынчтык, ийгиликтерди каалайм", - деди президент өз сөзүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: