super.kg logo

Азия оюндары-2018: Мелдештерди MegaCom менен бирге көрүңүз

 

MegaCom компаниясы Индонезиянын борбору Жакарта шаарында 18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндарын түз алып көрсөтүүгө башкы демөөрчүлүк колдоо көрсөтүүдө.

Кыргызстандыктар миллиондогон телеаудитория менен бирге спорттук окуялардын жүрүшүн КТРК жана КТРК-Спорт улуттук телеканалдарынын эфирлеринен реалдуу убакыт шарттамында көрүп, кыргызстандык спортчуларга күйөрман боло алышат. Түз алып көрсөтүүлөр 2018-жылдын 2-сентябрына чейин улантылат.

2018-жылдагы Азия оюндарына грек-рим күрөшү, сууда сүзүү, футбол, волейбол, дзюдо, жеңил атлетика, веложарыш сыяктуу спорттун 28 түрү боюнча Кыргызстандан 149 спортчу катышат.Алгачкы төрт күн биздин курама үчүн жемиштүү болду. Ата Мекендик спортчуларыбыз мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, 11 медалдын – 2 алтын, 4 күмүш жана 5 коло байгенин ээси болушту.

MegaCom абоненттери оюндарды Mega iTV уникалдуу сервисинин жардамы менен өз телефонунун экранынан көрө алышат, демек спорттук беттешүүнү өткөрүп жиберем деп толкунданууга себеп жок. Mega iTV сервиси тууралуу толугураак маалымат компаниянын megacom.kg сайтында.

MegaCom мелдештерге, чемпионаттарга, эл аралык турнирлерге туруктуу негизде колдоо көрсөтүп келет. Мекенибиздин спорт тармагына колдоо көрсөтүү – компаниянын артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Маалымат: Азия оюндары – бул эл аралык олимпиадалык комитеттин колдоосу астында 1951-жылдын тарта ар бир төрт жыл сайын өткөрүлүүчү спорттук мелдештер. Быйыл Индонезияда 40 өлкөдөн келген спортчулар спорттун 40 түрү боюнча ойнотулуп жаткан 481 медалды утуп алуу үчүн ат салышмакчы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: