super.kg logo
  Спорт  

Жайкы Азия оюндарынын жеңүүчүсү өкмөттөн ири көлөмдөгү акчалай сыйлык алат (сыйлыктардын суммасы)

 
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев

Жайкы Азия оюндарында ийгилик жаратып, медалдарга ээ болгон спортчулар ири көлөмдөгү акчалай сыйлыкка ээ болушат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта спорт агенттиги Азия оюндарында ийгилик жараткан спортчуларга сыйлык берүү боюнча долбоор даярдап өкмөткө өткөрүп берген.

"Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги Азия оюндарында ийгиликке жетишкен спортчуларга сыйлык берүү боюнча долбоор даярдап, бүгүнкү күндө ал өкмөттүн кароосунда турат. Азия оюндары бүткөндөн кийин чечим чыгып калат деген үмүттөр бар. Бул долбоор бардык министрликтердин макулдугунан өткөн", - дейт ал.

Канатбек Арпачиев байгелүү орундарга илинген спортчуларга берилүүчү сыйлыктын суммасын айтып берди.

Анда Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында

  • 1-орунду ээлеген спортчулар: 1 миллион 250 миң сом;
  • 2-орунду ээлеген спортчулар: 750 миң сом;
  • 3-орунду ээлеген спортчулар: 500 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушат.

Андан тышкары ийгилик жараткан спортчулардын машыктыруучуларына дагы акчалай сыйлык тапшырылат. Анда

  • 1-орунду ээлеген спортчунун жеке жана башкы машыктыруучулары - 312 миң 500 сом,
  • 2-орунду ээлеген спортчулардын машыктыруучулары - 187 миң 500 сом
  • 3-орунду ээлеген спортчунун машыктыруучулары 125 миң сом сыйлык алат.

Ошондой эле Канатбек Арпачиев ийгиликке жетишкен спортчулардын стипендиялары тууралуу дагы айтып берди.

"Учурда стипендия тууралуу дагы долбоор даярдалып, бүт министрликтердин макулдулугунан өткөн. Анда Азия оюндарында 1-орунду алган спортчулар буга чейин 45 миң сом стипендия алса, эми аны 75 миң сомго чейин көтөрдүк. Бул долбоор ишке ашса, спортчуларга абдан чоң жардам жана стимул болот", - деп кошумчалады Арпачиев.

Айта кетсек, 18-августта Индонезияда старт алган Жайкы Азия оюндарынын жүрүшүндө Кыргыз спортчулар 16 медаль утуп алышкан. Анын 2си алтын, 5и күмүш жана 9у коло медалдар.

Алтын медалдардын ээлери: Төрөкан Багынбай уулу (жиу-житсу), Дарья Маслова (жеңил атлетика).

Күмүш медалдардын ээлери: Магомед Мусаев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Каныбек Жолчубеков (грек-рим күрөшү), Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү) жана Нурсултан Алымкулов (жиу-житсу).

Коло медалдардын ээлери: Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү), Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү), Амантур Исмаилов (грек-рим күрөшү), Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү),Иззат Артыков (оор атлетика), Абдурахман Муртазалиев (жиу-житсу), Муртазали Муртазалиев (жиу-житсу), Жолдошбек Акимканов (пенчак силат) жана Данияр Токуров (пенчак силат).


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(16)
27.08.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жакшы ! Медальчылар алган сыйлыгынар озунорго буюуруп жакшы иштерге коросун.
28.08.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
TalaCSKA,Сыйлык деп айтууга татыксыз!Берген акчасы кеткен чыгымдан артпайт!Биздикилер "тырышпай"эле берсе болмок сыйлыкты.Ой деги мейличи коруп билип эле жургон бийлик
28.08.2018. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Izdei_-_berem,омурундо бироодон ыраазы болбогон по жизненный не довольный окшойсун.
27.08.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ооо болот экенго. Ушинтип бир аз болсода конулдорун алып койсонор кызыгуу болуп, аракет кылат. Байкуштар оздору спонсор издеп жол кирээлеринен бери толоп барып келишет.
27.08.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сыйлыктары жакшы экен.!
27.08.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшы эми кызыгып баштайт спортко
27.08.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Албетте колдоо керек
27.08.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эң жакшы жаңылык.
27.08.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Демек биздикилер канча көбүрөөк медаль утса өкмөтүбүз ыйлай баштайт экен да ээ
27.08.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колдош керек сонун болот эле байкуштар канча акча кетет кунумдук эле тамак ашка витаминдерине.
27.08.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн жакшы болмок. Керек болсо ар бирине уй,машина берсе да болот. Анткени булар кыргыз желегин желбиретип намысын коргоп келетат. Спортчуларга колдон келишинче кам корушубуз керек эч нерседен кем кылбай. Машыктыруучуларына да жакшыраак колдоо корсотушубуз керек.
27.08.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан жакшы экен. Биздин спортчуларга бир аз болсо да стимул болот турбайбы. Бирок ушул сумма толук түрдө спортчуларыбыздын колуна тиеби, же андан дагы салык кармап калабы?
27.08.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Dalil,салык,шапке,без очеред,подарка дегендер алынат
anonymous түзөттү 2018-08-27 16:48:57
27.08.2018. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Допинг деп чыкпаса болду да,"туштон кийин"
28.08.2018. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
АШАнын убагында спортчуларга жакшы көнүл бурулган жок. Быйыл спортчулар көп ийгилик жаратууда бул дагы президенттин жакшы иштеп жатканынан кабар берет.
28.08.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өкмөт өлкө байрагын желбиреткендерге эң жакшы колдоо орсөтүптүр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: