Борбор Азиядан чыккан биринчи аял хирург Какиш Рыскулова 99 жашында көз жумду




Борбордук Азиядан чыккан биринчи аял хирург жана академик, Эмгек сиңирген дарыгер жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери, медициналык илимдердин доктору, профессор Какиш Рыскулова дүйнө салды. Бул тууралуу Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Какиш Рыскулова менен коштошуу иш-чарасы өкмөттүн уюштуруусунда эртең, 28-августта саат 10:00дө Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
Рыскулова 1918-жылы 15-октябрда Ысык-Ата районунун Четинди айылында туулган. Ал быйыл октябрда 100 жашка чыкмак.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Сиздин колунуздан даарыланган адамдарыныздын жузго чыгыныз деген алкоосу...
Сизди жуз жашка жеткириптир
Сизге улуу терен таазим этем!!!
Жаткан жериниз жайлуу болсун.