super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ала-Букадагы эскилиги жеткен бейтапканага келгенде 21-кылымда жашап жатканыма ишенбей кетем" дейт окурман

 

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда жайгашкан №2-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратынын эскилиги жетип, жаңылоого муктаж. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" маалымдап, сүрөттөрү менен бөлүштү.

Билдирүүгө ылайык, анын сырты да, ичи да оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

"Оңдоп-түзөй турган деле эч нерсеси калган жок, сыртындагы шыбактары урап түшкөн, ичинде полдор чирип, сырлары сыйрылып кеткен. Ичи караңгы, уюлдук телефондордун жарыгы менен бара турган бөлмөлөрдү табасың. Узун, караңгы залда кезек күткөндөрдү көрүп 21-кылымда жашап жатканыма ишенбей кетем. Айтор мында иштегендерди да, ага келгендерди да аяйсың", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
27.08.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ой баай. силердики тузук турбайбы .биздикин корсон эсин оомок.
27.08.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биздин айылдагы дагы ушундай болчу Москвада иштеген балдар акча топтоп,крышасын алмаштырып ичтерин да Бут сонун кылып беришти молодецтер Деп ким корсо суйунот,Эми полный бутсо окмоттогу адамдар келип ачылышын кылып чай уюштурат экен окмоттун бир грамм пайдасы тийбеди анан суйлогонго уста мынаны бутуруп салдык,тигинтип койдук деп. Силерде дагы чет жакта иштегендер аракет кылгыла окмотко баары бир эл озубузду озубуз ойлобосок болбой калды
27.08.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Автор "көчмөндөр" оюнуна келиңиз, андан да илгерки жашоонун заманбап стилин көрөсүз. Медицина система баткакта отурганда, имараттарга эмне бар ? Жепжутарлардан артпай жатат.
27.08.2018. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мечит салгандарга айтаарым ооруканага да конул болсонор сообу да андан коп болот.Же спонсорлордун башка максаты барбы я
27.08.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Rusi79,эн туура айтасыз,мечит салганча оорукананы ондоп берсе сообу кобуроок тийсе керек
28.08.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай болницалар чындыгында Отто коп.Тан калыштуусу эмнеге айыл окмоту,райондук акимдер мындай имараттарды карабайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: