super.kg logo

Бишкекте "адам өлтүргөн" деп шектелип 1991-жылы туулган жаран кармалды

 

Бишкекте "адам өлтүргөн" деп шектелип 1991-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 26-июнда Улуттук госпиталга 1978-жылы туулган Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну жаткырылган. Көкүрөгүнө жана омурткасына сайылган бычактын кесепетинен операция жасоо учурунда ал жаран каза болуп калган. Иликтөө иштеринин натыйжасында аны ооруканага белгисиз кишилер алып келип, андан соң качып кеткендиги белгилүү болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, адам өлүмүнө алып келген окуя унаа талашуудан улам чыккан. 2 жаран БМВ жана Мерседес үлгүсүндөгү унааларын алмашууну чечип, бирок БМВ унаасы жүрбөй калгандыгына байланыштуу аны Мерседестин ээси алмашуудан баш тарткан. Бирок маркум Мерседести сатып жибергенин айткан. Сүйлөшүүгө келген Мерседестин ээси өзүнүн досун ээрчите келип, уруш чыгып, натыйжада алардын бирөө бычак шилтегенге да жетишкен. Иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү 1991-жылы туулган Б.А. уулу кармалган. Учурда бул окуяга тиешеси бар башка жарандар да изделүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: