Жайкы Азия оюндары: Бүгүн Дарья Маслова экинчи алтын медалын утуп алууга аракет кылат (күндүн программасы)
Бүгүн, 28-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында спорттун 29 түрү боюнча мелдештер уланып, 19 медалдар топтому ойнотулат. Кыргыздын спортчулары жеңил атлетика жана күрөш боюнча мелдештерге катышат.
Жеңил атлетика боюнча мелдеште бүгүн Дарья Маслова экинчи алтын медалды утуп алууга аракет жасайт. Ал 5 миң метр аралыктагы жарышка катышып, 14 спортчу менен күч сынашат.
Ошондой эле жеңил атлетика боюнча мелдеште Анна Буланова, Жамалдин Мусаев, Мусулман Жоломанов жана Нурсултан Кеңешбеков катышат.
Эске салсак, буга чейин Дарья Маслова 10 миң метр аралыктагы жарышка катышып, алтын медалдын ээси болгон.
28-августтун программасы:
Саат 8:45те:
Жеңил атлетика:
- 200 метр аралыктагы жарыш: Анна Буланова;
Саат 13:00дө
Күрөш:
- 66 килограммга чейинки салмак ченинде: Мирлан Эралиев, Санжар Осмоналиев;
- 90 килограммдан жогорку салмак ченинде: Тилек Куралов;
Саат 18:50дө
Жеңил атлетика:
- 5 миң метр аралыктагы жарыш: Дарья Маслова;
- 200 метр аралыктагы жарыш: Жамалдин Мусаев;
Саат 19:25те
Жеңил атлетика:
- 5 миң метр аралыктагы жарыш: Мусулман Жоломанов, Нурсултан Кеңешбеков.

Үйлүү болуп калат эле.