super.kg logo

Улуттук банк: "Биринчи жарым жылдыкта өлкөгө 990 миллион 300 миң доллар которулду"

 

Өлкөгө келип түшкөн акча которуулардын агымы жарым жылдыкка карата 990 миллион 300 миң долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта болгон Улуттук банктын маалымат жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, өлкөгө которулган акчалар экономиканын өнүгүүсү үчүн негизги салым болуп эсептелет.

"Өлкөдөгү экономиканын өсүшү январь-июль айларына карата Кумтөр алтын кенин эске албаганда 2,2 пайызды түзгөн. Мындан сырткары экономикалык өсүш бардык тармактарда байкалууда. Экономиканын өнүгүүсүнө болгон негизги салым өлкөгө келип түшкөн акча которуулардын туруктуу өсүшү менен байланыштуу. Акыркы жарым жылдыкта сырттан которгон акчанын агымы 10,2 пайызга жогорулаган.

Учурда инфляция төмөн деңгээлде байкалууда. Ушул жылдын 17-августуна карата жылдык инфляция 1 пайызды түзгөн. Ошондой эле жылдын аягына чейин ушул көрсөткүч сакталышы күтүлүүдө. Ал эми ички дүң продукциянын өлчөмү жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 0,2 пайызга азайган", - деп айтылды маалымат жыйында.

Ошондой эле акча алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүнүн калыбын сактоо максатында валюталык интервенция жүргүзүлүп жатканы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.08.2018. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ал жарандар которгон акчаны эсептеп эмне кылышат карап турсан ошол которгон акчадан кичине налог салып алгысы бар булардын
29.08.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак уйдогу атка минер жеп жутарларга которулду деп эле жазып койуш керек эле!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: