super.kg logo
  Саясат  

КСДП: "Бийлик "күзгү төңкөрүш" жөнүндө массалык түрдө таратылып жаткан имиштерге жана ушак-айыңдар тууралуу түшүндүрмө бербей жатат"

 

"Бийлик “күзгү төңкөрүш” жөнүндө массалык түрдө таратылып жаткан имиштерге жана ушак-айыңдар тууралуу түшүндүрмө бербей жатат жана муну менен айрым мамлекеттик органдар чагымчыларга кырдаалды курчутуп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атын жаманатты кылууга жол беришүүдө" деп КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, абалдын чоо-жайына түшүндүрмө сурап, бизге кайрылган адамдар көп болууда. "Анткени Атамбаев тарабынан даярдалып, алтургай каржыланып жаткан коомдук башаламандыктар жана мамлекеттик төңкөрүш туурасындагы карандай калп имиштер акыркы айлар ичинде максаттуу түрдө жарыяланып жатат. ЖМКнын жана интернет-сайттардын аталыштарына, ошондой эле социалдык тармактардагы аккаунттардын ысымдарына назар салсак, мындай имиштерди таратуу кимдер үчүн пайдалуу болуп жатканын түшүнүү кыйын эмес. Тийиштүү мамлекеттик органдардын мындай чагымчылыкка таптакыр ак же көк дебей турганынан улам мында бийлик башында отурган айрым адамдардын кай бир даражада кызыкдарлыгы бардай таасир калтырат", - дейт Жолдубаева.

Анын пикиринде, мунун баарына бийлик түзүмдөрүнүн унчукпай турганы партияны ушу кайрылууну жасоого аргасыз кылууда. "Аталган имиштер менен ушак-айыңдар логикадан да, кадыресе акыл-эстүүлүктөн да таптакыр куржалак экени ачык көрүнүп турат. Өткөн жылы бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүнү дал Атамбаев камсыз кылбады беле. Кыргыз мамлекетиндеги туруктуулук да так Атамбаев президенттик кылып турган учурда орногон. Атамбаев өзүнүн 6 жылдык президенттигин так ошол элдин митингдерге чыгуусуна эч кандай себеп жагдайлар болбоосу үчүн арнаган.

2018-жылдын 31-мартындагы КСДПнын съездинде Алмазбек Шаршенович мурдагы өлкө башчысы жана дос катары Сооронбай Жээнбековго өз кеңештерин айткан эле. Андан кийин өткөн беш айдын ичинде экс-президент ЖМКга бир да жолу маек курган эмес, ошондой эле жарандардын өтүнүчүнө карабай, ар кандай ушак-айың кептерге жана имиштерге себеп жаратпаш үчүн эл менен жолугушуудан жана аймактарды кыдыруудан принципиалдуу түрдө баш тарткан", - деди КСДПнын өкүлү.

Ал беш айдан бери бийликке жакын ЖМКлар жана блоггерлер Атамбаевге жана анын санаалаштарына “тонналаган” ыпыластыкты аянбай куюп жатышканын баса белгиледи.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: