"Токмок шаардык кеңешинин КСДПдан депутат Жансейитов мени бычак менен сайды" дейт жабырлануучу
"Токмок шаардык кеңешинин КСДПдан депутаты Тынай Жансейитов мени бычак менен сайды" деп бүгүн, 28-августта SUPER.KG порталына жабырлануучу Талантбек Жамангулов кайрылды.
Анын айтымында, ага факттын негизинде кылмыш иши козголду. "Бул жигит менен эч кандай мамилем жок. Булар бир туугандары менен Токмок шаарын ээлеп алышкан. Байкем экөөбүз 26-августта мал базарга барганбыз. Мени жөнү жок жерден бычактап салды. Бир нече жолу ичиме бычак менен сайды. Оор жаракат алып, шаардык ооруканада жатам. Арыз жазган жокмун, анткени РИИБде дагы анын туугандары иштейт экен", - дейт жабырлануучу.
КСДПнын Токмок шаарындагы координатору бул боюнча маалыматы жок экенин айтты. Ал эми Тынай Жансейитов менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бул боюнча азырынча маалымат түшө электигин билдирди.
кошулду

АША убагында Туштук Тундук жолун бутуром деп чуркады, Датка кемин, баардык конуштарга бекер газ кирип жатат, убагында ушунун баары АШАнын эмгеги болчу. Бирок буларды эч ким айтпайт. Ар кимиси жеке кызыкчылыгы же Жээнбековго жагынуу учун АШАны жамандап жатышат.
Саясатта журуп кимдин ким экенин жакшы билесин. Матраимовдор кланы Кара-Сууну, кайсы бир жарым криминал Ала-Буканы башкарып жатат. Буга окшогон фактылар толтура. Эми жогоруда соз болгон бири Токмокто "авторитет" окшойт. Арыз жазганда эмне, анын арызын ким карамак эле. Мусабаеваша чара коро албаган, буга чара кормок беленер?!! Соке менен Атамбаевдин КСДПсы.