"Айчүрөк" соода борборунун жер төлөсүндө 40 жаштар чамасындагы киши эс-учун жоготуп каза болуп калды
Бүгүн, 28-августта "Айчүрөк" соода борборунун жер төлөсүндө 40 жаштардагы эркек киши эс-учун жоготуп каза болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов кабарлады. Оморов учурда жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын кошумчалады.
"Болжолдуу түрдө 40 жаштагы киши соода борбордун уюлдук телефондорду саткан төмөнкү кабатында жүрүп эс-учун жоготуп койгон. Тилекке каршы, ал өзүнө келе албай жатып каза болуп калды. Учурда милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштирип жатышат", - деди Оморов.
Ал эми аталган соода борбордун администрациясы менен байланышканыбызда, жогорудагы окуя боюнча кабарлары жок экендигин айтышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
RuslanaG1

29.08.2018. 04:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аба жетпей олуп калды да,бир жолу бироо тел алып берём деп ошол жерден жолукканмын, байкуш сатуучулар кантип отурат, аба алмашпайт,сасык экен зорго чыккам, азыр да аба жетпей кетти эстеп
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.