super.kg logo
  Спорт  

Жайкы Азия оюндары: Кыргыз мушкерлер Арген Кадырбек уулу жана Абдурахман Абдурахманов атаандаштарынан утулуп жарым финалга өтпөй калышты

 

Бүгүн, 28-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын бокс боюнча мелдеши уланууда. Анда Кыргыз өлкөсүнүн мушкерлери 6 салмак ченинде катышууда.

60 килограмм салмак ченинде Кыргыз мушкери Арген Кадырбек уулу катышты. Чейрек финалда Кадырбек уулу өзбекстандык Шункар Абдурасулов менен беттешти. Беттештин жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңиш өзбек мушкерине ыйгарылды.

69 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз спортчусу Абдурахман Абдурахманов күч сынашты. Ал чейрек финалда казакстандык Асланбек Шымбергенов менен кездешип, утулуп калды.

Сирожидин Абдуллаев 56 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым чейрек финалда индонезиялык Сунан Агунг менен күч сынашты. Беттештин жыйынтыгында индонезиялык мушкер жеңишке жетти.

64 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Нурлан Кубашев катышты. Жарым чейрек финалда ал индиялык Деераж менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында калыстар 0:3 эсеби менен жеңишти индиялык мушкерге берди.

Ал эми 49 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан кыргыз мушкери Мирлан Түркбай уулу эртең, 29-августта чейрек финалда өзбекстандык Хасанбай Дусматов менен беттешет.

Эске салсак, 52 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз мушкери Азат Үсөналиев чейрек финалда түндүк кореялык спортчуну утуп жарым финалга өткөн. Анда ал өзбек мушкери менен кездешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.08.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хасанбай досматов. Бир нерсе дей албайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: