Кыргыз чек арачыларынын балдары Өзбекстанда эс алышса, Өзбекстан менен Тажикстандын чек арачыларынын балдары Ысык-Көлдө эс алышууда
Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чек арачыларынын балдары Ысык-Көлдө жана Өзбекстандын Самарканд шаарында эс алышууда . Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 29-30-июнь күндөрү Тажикстандан жана Өзбекстандан 12 жашка чейинки 20 бала Ысык-Көлгө эс алууга келишти. Алар 10-июлга чейин “Дзержинец” ден соолукту чыңдоо борборунда болушмакчы. Ошондой эле алар үчүн Ысык-Көл облусу боюнча экскурсия уюштурулмакчы. Ал эми Кыргызстандан 10 бала Ташкент облусунун Самарканд шаары менен таанышууда. 3 өлкөнүн ынтымагын көздөгөн бул сыяктуу иш-чара 11-22-июль күндөрү дагы уюштурулмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















