super.kg logo

"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын ыктыярчылары "Экоквест" акциясында жарым тонна таштанды топтошту

 

Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө жакын, 23-августта "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын жана "Эко Деми" коомдук фондунун колдоосу менен таштандыларды тазалоо акциясы өттү. Мындай иш-чара Боз-Болток тоосундагы флагштоктун аймагында өткөрүлгөн.

Экологиялык акция кызыктуу изденүүгө айланды: катышуучулар командаларга бөлүнүшүп, ар бир таштанды топтолгон бир кап жана экология жөнүндө берилген суроолордун туура жообу үчүн балл топтолуп жатты. Акцияга ишкананын гана кызматкерлери эмес, тазалыкка кайдыгер карабаган активист тургундар, "Эковолонтер" клубунун ыктыярчылары да катышты. Мындай иш-чараны өткөрүүнү "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын стратегиялык өнүгүү боюнча башкы адиси Руслан Гайдаров демилгелеген.

Жалпы катышуучулардын тынымсыз аракетинин натыйжасында жалпысынан жарым тонна таштанды топтолгон. Иргелип алынган таштандылар кайра иштетүү үчүн жөнөтүлсө, кайра иштетүүгө жараксыз бөлүгү полигонго жеткирилген.

Руслан Гайдаров, "Эковолонтер" ыктыярчылар клубунун жетекчиси:

- "Иш-чара "Таза келечек - азыркы таза жашоо" деген ураан менен өттү. Жылдан жылга биздин өлкөдөгү эң кооз жерлердин булганып жаткандыгы курч маселеге айланып бара жатат. Адамдар ойлонбой эле эс алуучу жерлерге бөтөлкө, банка, желим баштыктарды жана башка таштандыларды таштап кетишет. Андыктан экологиялык жаатта маданиятты тарбиялоо өтө маанилүү. Албетте, бул бир күндө эле же бир акция менен эле ишке аша калбайт. Мындан улам биздин экологиялык долбоорго кошулуп, өзүбүз үчүн таза айлана-чөйрөнү түзүүгө бардык жарандарды чакырабыз".

Тимур Кыдыралиев, "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын өндүрүштүк коопсуздук, эмгекти коргоо жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы.

- Айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо - компаниянын эң негизги приоритеттеринин бири. Биз дайыма мындай долбоорлорду колдоого даярбыз. Ар бир экологиялык акция - ар бирибиздин таза келечек үчүн аз, бирок маанилүү салымыбызды кошоконубуз болуп эсептелинет.


кошулду





"Газпром Нефть Азиянын" ыктыярчылары "Экоквест" акциясында жарым тонна таштанды топтошту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
28.08.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар ай
28.08.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ошондо канча чолгултук деп мактаныш учун мусорканы таразага тартынарбы ?
29.08.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TalaCSKA, ойунардын баары эле мактаныш экен да.
28.08.2018. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Озум эле топтоп коймокмун 500кг мактанбайле
28.08.2018. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колунардан келсе эртен кап которуп чыккылада анан тазалагыла. Жатып алып буткон ишке сынчы болбой.
28.08.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматту азаматтар! Алдын тазагыла анан суйлогуло. Молодец ушундай Кыргыз жеринин куйгондорго. Мен сыймыктанамын Кыргыз жеринен. Себеби биздин арыкта аккан суудан жатагалып ичкениме. Ал таза болгондуктан. Башка олкодо жок мындайтаза суу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: