Коомдук уюм тарабынан Ысык-Көлдүн түбүнөн 30 мүшөк таштанды алынып чыкты




"Таза Ысык-Көл" коомдук кыймылынын өкүлдөрү көлдүн түбүндөгү ташдандыларды тазалоо учурун видеого тартып, аны социалдык тармак аркылуу жарыялашты. Акцияга катышкандар өз демилгелери менен чыгып, 30 мүшөк таштанды алып чыгышкан.
Видеодон кыргыз бермети болгон Ысык-Көлдүн алдында таштанды көп экендигин көрүүгө болот.
"Биздин биринчи уюштурган акциябыздын негизинде көлдүн түбүнөн 30 мүшөк таштанды алынып чыкты. Таштандынын көпчүлүгү желим баштыктар жана суусундуктарындын бөтөлкөлөрү. Аларды суу алдынан алып чыгуу да оор. Ошондой эле айнектердин сыныктары жана аялдардын жеке гигиенасына тийиштүү таштандылар да көп", - деп билдирет дайвер Валерия Кадыгрова.
Ошондой эле дайвер Валерия Кадыгрова бир гана уюм көлдү тазалай албастыгын айтып, ар бир келген эс алуучуну өз артынан таштандысын тазалап кетүүгө чакырган.
Ысык-Көлдүн астынан чыккан таштанды





1 |