super.kg logo
  Саясат  

Депутат Марлен Маматалиев: "Кыргыз мамлекетинин бир өлкөдөн алган карызы 50 пайыздан ашпоосу керек деген мыйзам долбоорун иштеп чыктым"

 

Кытай ири карыз берүү аркылуу кичине өлкөлөрдү өз колониясына айландыра тургандыгы тууралуу чет элдик басылма жазып чыкты. Кыргыздын эң көп тышкы карызы Кытайдан алынган. SUPER.KG порталынын "Мамлекет эми алардын экономикалык басымынан кантип кутулушу керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жооп берди.

Ал Кыргыз өлкөсүнүн карызынын 41 пайызы Кытайдан алынганын айтты.

"Карыз алуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыктым. Мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүп, сентябрь айынан тарта парламенттин комитетинде каралат. Кыргыз мамлекетинин бир өлкөдөн алган карызы 50 пайыздан ашпоосу керек. Биздин жалпы карызыбыздын 41 пайызы Кытайдан алынган. Мыйзам долбоорду премьер-министр, президент колдоп жатат. Кыргыз өлкөсүнүн бир мамлекетке көз каранды болуусуна чек коюлат. Коркунуч дагы болбойт", - деди Маматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Зиядин Жамалдинов, Улан Примов, Акылбек Жамангулов жана саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: