super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө 600дөн ашык бала ВИЧ илдети менен жашайт

 

Кыргыз өлкөсүндө учурда 633 бала ВИЧ илдети менен жашайт. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге 28-августта "Позитивдүү жаштар" коомдук фондусунун директору Айнура Усманова кабарлады. Анын айтымында, алардын эң жашы учурда 2,5 жашта болсо, улуулары 15-16 жашта. Усманова мындай илдетке кабылган балдардын 500дөйү Ош облусунун аймагында экенин белгилеп, алардын көпчүлүгүнө 2006-2007-жылдары ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгынан жукканын айтты.

"Ошол учурдан кийин 200дөн ашык баланын ата-энеси балдарына ВИЧ илдети жукканын айтып чыккан. Айрым балдарга бул илдет ошол учурда жугуп калганы менен байкалбай жүрүп, кийин иммунитети төмөндөп кеткенде оорусу күчөп кеткен болушу мүмкүн. Бул илдетти жугуштуу деп айтууга да болбойт, бирок укол алуудан жана эмчек эмүүдөн жугат. Бала эненин курсагында жаткан учурда эч нерсе жукпайт, бала саламат төрөлөт. Эгерде ата-эне өзү ушундай статус менен жашаган болсо, саламат төрөлгөн балага эмчек эмизбеши керек", - деди Усманова.

Усманова жетектеген фонд тарабынан учурда ал балдарга атайын окуулар өткөрүлүп турат. Анда балдар өздөрүнүн статусу боюнча коомчулукка ачык айтып чыгууга жана лидерлик сапатка ээ болуусуна психикалык жактан тарбияланат.

"Акыркы 5 жылдан бери ал балдарга атайын лагер уюштурулуп, ата-энелери менен бирге келип окуулардан өтүшөт. Ал эми биз ата-энелерге балдарга кандай мамиле кылуу, кандай дары каражаттарын ичирүү керектигин, балдарды өзүнүн статусу боюнча коомчулукка эркин айтып чыгууга тарбиялап, үч жылдан бери иштешип келе жатабыз. Балдар Кыргыз өлкөсүнүн аймагында ачык айтышпаса дагы, Өзбекстан, Казакстанга окууларга барган учурда ачык айтып чыгып жатышат", - деп айтты Усманова.

Учурда 7 миңдей адам аталган илдет менен жашаган болсо, анын көпчүлүгүн эркектер түзөт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: