Бүгүн Жогорку Сотто Сапар Исаковдун бөгөт чарасы каралат
Бүгүн саат 09:30да Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
9-августта Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Исаковду эки айга, тагыраагы, 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган. Буга нааразы болгон Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов шаардык соттун чечимин өзгөртүү максатында Жогорку Сотко кайрылган.
26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. Ал "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Камалганы го дурус, бирок кайда камалды, СИЗОдо, обычный турмодо эмес, анткени сот окум чыгара элек, соттук териштируу баштала элек, арадан жарым жыл отсо да. Эмнеге?!!
Же Сокенин планы соттук ишти созуп отуруп, акыры бошотуп жиберуубу, ага чейин коррупция менен курошуп жаткандай иллюзия калтырып?!!.....
Атамбаев да ошентип катуу бакылдаган, Келдибеков, Тулеев, Нарымбаев учоону каматып коюп. Баары эле бошонуп чыкты го, эч нерсе болбой эле. Жегендерин кускан деле жок...
Бул жолу Соке АШАнын шоусун улантып жатат корунот, элди алдап... Болбосо жарым жыл отту, булардын али соту баштала элек...