super.kg logo

УТО – ийгиликтүү фермерлер үчүн ишенимдүү тракторлор

 

Кыргыз мамлекетинде 1 миллион 200 миң гектардан ашык айдоо жери болсо, анын 75 пайызы - сугат жерлери. Бирок өлкөнүн айыл чарба тармагында техникалардын эскилиги эң чоң көйгөй жаратып келет.

Бул маселе фермерлерге кандай түйшүк алып келет? Биринчиден, эскилиги жеткен техниканын кыймылдаткычы ашыкча май керектейт жана күйүүчү майды керектөөсү бир канча эсеге өсөт. Экинчиден, мындай техника бат-баттан оңдоону талап кылат. Мындай учурда фермер убактысын жоготот жана өз убагында талаа иштерин жетиштүү деңгээлде аткара албай калат.

Мындай маселелерди чечүүнүн жолу барбы? Албетте, бул маселелерди кытайлык УТО үлгүсүндөгү тракторлор чечет. Бул тракторлор ишенимдүү, колдонууда оңой, заманбап, эң негизгиси акчасы дагы башка тракторлорго караганда арзан. Мындай тракторлор Кыргыз өлкөсүнө 2006-жылдан тарта келе баштаган. Ал учурда Кыргыз-Кытай өкмөттөр ортосундагы кызматташуунун негизинде фермерлерге 2 миңден ашуун даана трактор сатылган.

УТО заводунан чыгарылган тракторлордун Кыргыз өлкөсүндөгү тракторлордон кандай артыкчылыгы бар:

- Кыймылдаткычы Улуу Британиядагы PERKINS технологиясы тарабынан иштелип чыгып, трактор кошумча кубаттуу, ишенимдүү жана жүк тартууда туруштук бере алат жана күйүүчү майды дагы аз сарптайт;

- Италиядагы FIAT заводу тарабынан сапаттуу кураштырылган;

- Ишенимдүү жана узак убакытка колдонулат;

- Кыргыз жериндеги тракторлорго караганда ар бир гектарда иштөөдө күйүүчү майды 25 пайызга аз талап кылат;

- Алдыңкы жана арткы дөңгөлөктөрү жеңил иштөөгө ыңгайлаштырылган;

- Кыймылдаткычы жана коробкасы оор жүктөрдү тартууда жогорку сапатка ээ;

- Алдыңкы мосту ишенимдүү конструкцияланган;

- Кабинасы кенен жана отургучу ыңгайлуу жасалган;

- Көп түрдүү заманбап айыл чарба техникалары менен иштей алат.

УТО заводунун тракторлорун кантип жана кайдан сатып алууга болот?

УТОнун тракторлорун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы Ленин көчөсүндө №335А дарегинде жана Өзгөн районунун Бахмал айылында жайгашкан “АталыкАгросервис” борборундагы расмий дистрибьюторунан сатып алууга болот.

“АталыкАгросервистеги” тракторлорду сатып алууда эң чоң артыкчылык эмнеде?

Сервис тракторду бир жылга кепилдик берүү менен “Айыл банк” аркылуу төмөнкү үстөк пайызда 7 жылдык мөөнөткө чейин лизингге берет. Баштапкы төлөм өз баасынын 10 пайызынан баштап жеңилдик каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.08.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канча сом болот баалары кандай болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: