super.kg logo

Жогорку Сот Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырды

 
Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев
Сапар Исаковдун тарапташтары

Бүгүн, 29-августта Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Анын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, Исаковду камакта кармоого негиз жок. "Сурактын, экспертизанын жыйынтыгында Исаковдун күнөөсү далилденген жок. Ал күнөөлүү деп эч ким айткан жок. ЖЭБ боюнча экспертизанын корутундусуна ылайык, баары туура болгон", - деди жактоочу.

Буга чейин 9-августта Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Исаковду эки айга, тагыраагы, 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган. Буга нааразы болгон Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов шаардык соттун чечимин өзгөртүү максатында Жогорку Сотко кайрылган.

26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. Ал "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.08.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаевди жанына кошуп камап койгула шерик кылып
29.08.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура чечим
29.08.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замир Жоошов куноосу жок болсо чокуна кармап отурабы
29.08.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садыр Жапаровду, Текебаевди камаганда Атамбаевдин жакын адамы катары калыс созун айтсан болмок, БУМЕРАНГ дейт ко.
29.08.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура чечим болуптур. Исаков эми күнөөсүн мойнуна алып толук жазасын алыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: