super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков Эгемендүүлүккө арналган "Ала-Тоо" аянтындагы иш-чарага катышат. Ага экс-президенттер Отунбаева менен Атамбаев да чакырылат

 
Эгемендүүлүк майрамына арналган иш-чара. "Ала-Тоо" аянты, 2016-жыл.

31-августта президенти Сооронбай Жээнбеков борбордук "Ала-Тоо" аянтында өтө турган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан таратышты.

Ал күнү мамлекет башчысы Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына байланыштуу куттуктоо сөзүн сүйлөйт.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылат.

Ошондой эле иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери, эмгек баатырлары, Олимпиада оюндарынын медаль ээлери, парламенттин, өкмөттүн, сот бийлигинин мурдагы жетекчилери, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук белгилүү ишмерлери катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
29.08.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ажо деген Манастай айкол болуш керек, кээде ички таарынычтарды жыйыштырып, элдин жашоосу учун "душман козуно" кечиримдуу болуш керек.Ажо деген баарына тегиз караган кудай жалгаган улуу Адам. Миллиондогон адамдар мээрим кутуп, кээ бири ырайым кутуп ..ж.б. отурат.
29.08.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бакиев менен Акаев жокко.
29.08.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
i1urp,жаман болгон кундо да, экс президенттер Кыргызстанга кайтканы жакшы.
29.08.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев келсин кутобуз
29.08.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаев уйундо эле отура бербептир
29.08.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бири да бычака сап болбой турган болдуго Сокенин политикасы элди просто алдап АША ны жаман коргозуп журот эч нерсени чече албай. Бул учоо бир эле кеседен чай ичишет ал жакта. Элдин козунчо бирин бини чукуп жаман коргозуп койуп журот. Соке да олкону онуктуро албашына менин козум жетти 99%. Шайлоону башкадан кылыш керек
haydarkan түзөттү 2018-08-29 12:23:58
29.08.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бул дагы Жээнбековдун айкөлдүк сапатынын бири десек жакшы болот. Атамбаев учурунда Отунбаева таарынып кеткенин коомчулук жакшы билет.
29.08.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Президент туура кылыптыр Аамбаевди чакырып, эми таарынып келбей койсо эле.
29.08.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Атамбайыпты чакырып туура кылыптыр,бирок атамбпйыпты майрамдан кийин УКМКга чакырып жеген миллиондорун сурап,Дача су жөнүндө көрсөтмөлөрдү берсин.ТЭЦ,ЛЭП,түндүк түштүк жолуна байланыштуу коррупциялык иштер жана да көп былык иштери тууралуу.Баардык адамдар жарандар бирдей жооп бериш керек,эмне атамбайыптыкы жооп бербегидей акбы.Кол тийбестигин алып мусорго ыргытып жиберүү керек.
29.08.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
ЛЭП ДАТКА КЕМИН бутуп жаман болдунарбы. Нарын Бишкек Торугарт жолу бутуп жаман болдунарбы. Деги силерге эмне жагат жэ карыз албай жаман жолдо свети жок жашоо жагабы кичине жакшы ишти эстеп ойлонуп жассак. Мына эми альтернатива жолу чыдасак бутот ошондо кором ошол жолдон айдап Ош Жалал Абадка Баткенге каттаганынарды.
29.08.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Akshumkar, Кечээ Лондондо жазып чыккан макаланы окусан. Кытай деген ал карыздын ордуна жерибизден алып койот. Ошол сен айтып жаткан долбоорлорго 3-4 кобойтуп акчаны жеп алышыптыр Бул деген кыянатчылык эмей эмне? Камап, кустуруш керек!
29.08.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Akshumkar,мамлекетти куроого коюп миллиондорду жеп жол бутургонунун кереги жок!Карыз алса таза иштешсин элди жерди митедей сорбой.Алган карыздын 70%ын оздорунун кекиртегинен нары откоруп,30%ы мамлекетти жумшап,кыйраттык деп кокурок ургулап мактанган арамзалар керек эмес.Мына ушул тойбостордун айынан мекенибиздин дагы бир жери Кытайга кетпегей эле деп журок заада болуп журобуз.Ошол миллиондорду чапчыган жолдорго дагы кепилдик жок.Бутпой жатып артынан бузулуп сапатсыз.
29.08.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Akshumkar,кичине теренирээк ойлонсон! Карыз алып жарымын жеп тиги жегичтер жыргап,ошол буткон жолдо каттап экообуз убактылуу кубанып,бирок анын эсебин эртен жаныбыздын жарымындай болгон мекенибиз менен кайтарышка туура келет. Азабын кийинки муун тартат.
Mederbek0811 түзөттү 2018-08-29 13:47:10
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: