super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев неврология бөлүмүнө которулду

 

Экс-депутат, "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев неврология бөлүмүндө дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта SUPER.KG порталына анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова кабарлады.

"Өмүрбек Текебаев кечээ, 28-августтан бери неврология бөлүмүндө дарыланууда. Ал эми операцияга өзү макулдугун бере элек. Дарыгерлер операция жасатууну сунушташууда. Ал кайтарууда, жолугууга мага гана уруксат бар эле, эми жубайына да уруксат беришкен", - деди Токтакунова.

25-августта дарыгерлердин консилиуму Текебаев дарылануусун неврология бөлүмүндө улантсын деген чечим чыгарган. Текебаевди неврология бөлүмүнө которуу маселеси 27-августта чечилмек.

Экс-депутат дарыгерлердин көрсөтмөсү менен 1-августта №47-түзөтүү абагынын Улуттук кардиология борборуна которулган. Учурда ошол эле орукананын неврология бөлүмүндө дарыланууда.

Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголуп, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ар бири 8 жылга эркинен ажыратылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: