super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Ноокаттагы Бакыт үйүнүн кызматкери ишке кечиккени үчүн эскертүү алды" дейт жетекчи

 

"Соңку кабардын" "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман "Мамлекеттик кызматкерлер элдин убактысын сыйлабайт. Ноокат районундагы Бакыт үйүнүн архив бөлүмү саат 11ге жакындаса да ачылбай турат" деген билдирүүсүн жөнөткөн.

Аталган маселе боюнча Ош шаарындагы Ноокат райондук Бакыт үйүнүн жетекчиси Алиса Эшполот кызы буларга токтолду.

"Бакыт үйүнүн архив бөлүмүнүн кызматкери ден соолугуна байланыштуу 7-август күнү ишке 1 саат кечигип келген. Эгерде ал кызматкер алдын ала мага айтып койсо анын ордуна башка кызматкерди убактылуу дайындамакмын. Бул маселе Ноокат районунун администрациясында каралып Бакыт үйүнүн бардык кызматкерлерине жана архивариуска (архив кызматкери) эскертүү берилген. Мындай окуя мен жетекчи болуп дайындалганы бир ирет эле катталды. Учурда өз убагында ачып, келгендерди өз убагында кабыл алып жатабыз", - дейт жетекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: