super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Дарыгер "Чаткалдын Жаңы-Базар айылындагы бейтапканада быйыл капиталдык ондоп-түзөө иштери жүргүзүлөт"

 

Буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына окурмандар кайрылып, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы аймактык бейтапкананын имаратынын эскилиги жетип, сыртындагы шыбагы бүт сыйрылып калганын билдирген.

Аталган маселе менен Чаткал районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Байдылда Баймурзаевге кайрылып төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Аймактагы аталган оорукананын чатыры 950 миң сомго алмаштырылды. Бул оорукананын жанында дагы үч имарат бар. Алардын толук капиталдык оңдоп-түзөө иштери үчүн Чаткал айыл өкмөтү тарабынын 11 миллион сомго смета түзүлгөн. Анын негизинде бейтапкананын ичинде душ, даараткана салуу планы дагы киргизилген. Учурда өнүктүрүү фондунан акча бөлүнөт деп жатышат. Негизги планда быйыл оорукана толук бүткөрүлүп, иштеп башташы керек", - дейт Баймурзаев.

Буга чейин Чаткал районунун тургундары: "Учурда Чаткал районундагы кызматкер, жумушчулар медициналык кароодон өтүп жатабыз. Президенттин демилгеси менен алынып келген 5 миллион сомдук жабдык бейтапканага коюлган. Кароодон өтүү үчүн келгендер имараттын абалына кейип жатышат, кантип айыл өкмөт же дагы башка тиешелүү тараптагы кызматкерлер оңдотууну ойлонбойт?" - деп жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: