ЖЫЛНААМА, 29-АВГУСТ: Мындан 12 жыл мурун Бразилияда "футбол падышасы" аталган Пеленин урматына эстелик тургузулган
Мындан 12 жыл мурун, 2006-жылы Бразилиянын Сан-Паулу шаарында атактуу футболчу Пелеге эстелик тургузулган. Эстелик "Ювентус" футболдук клубунун стадионунун кире бериш жерине орнотулган. Аны орнотууга Пеленин бул стадиондо 50 жыл мурун өзүнүн алгачкы мыкты голун киргизгендиги себеп болгон.
"Футбол падышасы" атка конгон бразилиялык футболчу Пеле 1940-жылы Бразилиянын Трес-Корасаес шаарында туулган. Анын өз аты-жөнү - Эдсон Арантес ду Насименту. Пеленин атасы Жоао Рамос ду Насименто да өз кезегинде футболчу болгон.
2018-жылы 12-августта "Ювентус" клубунун салтка айланып калган жолдоштук беттеши уюштурулган. Анда "Ювентуска" жаңыдан келген Криштиану Роналду негизги курамда ойной тургандыгы белгилүү болуп, легендарлуу футболчу Пеле социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Роналдуга бул беттеште ийгилик каалаган билдирүү тараткан.
"Криштиану, "Ювентус" үчүн биринчи беттешиңе ийгилик!" - деп жазган ал. Ошондой эле ал качандыр бир кезде "Ювентус" үчүн ойноого мүмкүнчүлүгү болгонун белгилеген.
Аталган беттеште Роналду оюн талаасына чыгып, 8-мүнөттө эсеп санын ачканга жетишкен. Эдсон Арантес ду Насименту учурда 77 жашта.
29-августка карата жылнаама.
