super.kg logo
  Спорт  

Өкмөт айтканын аткарса Жайкы Азия оюдарында 2 медалды тагынган Дарья Маслова 2 миллион сом сыйлык алат

 

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында алтын жана күмүш медалды тагынган жөө күлүк Дарья Маслова өкмөт буга чейин айтканын аткарса жараткан ийгилиги үчүн 2 миллион сом акчалай сыйлыкка ээ болот.

Буга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев Жайкы Азия оюндарында ийгилик жараткан спортчуларга өкмөт тарабынан ири көлөмдөгү акчалай сыйлык бериле турганын айткан. Анын айтымында, алтын медалга ээ болгон спортчу 1 миллион 250 миң сом, күмүш медалдын ээси 750 миң сом жана коло медалдын ээси 500 миң сомго сыйлык алат.

Буга байланыштуу Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча мелдештин 5 жана 10 чакырымдык жарыштан алтын менен күмүш медалды тагынган Дарья Маслова 2 миллион сом алат;

Жиу-житсу боюнча мелдеште алтын медалга татыган Төрөкан Багынбай уулу - 1 миллион 250 миң сом;

Эркин күрөш боюнча мелдеште күмүш медалды багындырган Магомед Мусаев - 750 миң сом;

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште күмүш медалга ээ болгон Каныбек Жолчубеков менен Акжол Махмудов - 750 миң сомдон;

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештин күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова - 750 миң сом;

Жиу-житсу боюнча мелдеште күмүш медаль утуп алган Нурсултан Алымкулов - 750 миң сом;

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште коло медалдардын ээлери Амантур Исмаилов жана Үзүр Жусупбеков - 500 миң сомдон;

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште коло медалдарды утуп алган Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова - 500 миң сомдон;

Оор атлетика боюнча боюнча мелдештин коло медалынын ээси Иззат Артыков - 500 миң сом;

Жиу-житсу боюнча мелдештин коло медалынын ээлери Муртазали Муртазалиев менен Абдурахман Муртазалиев - 500 миң сомдон.

Пенчак-силат боюнча мелдеште коло медаль утуп алган Жолдошбек Акимканов жана Данияр Токуров - 500 миң сомдон;

Андан тышкары аталган спортчуларга президент, премьер-министр жана федерация тарабынан ар түрдүү сыйлыктар тапшырылышы мүмкүн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
29.08.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Женишинер кут болсун, бул да болсо, силерге стимул берет, сыйлыгынар кут болсун, я очень рад
29.08.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодцы кутуктайбыз. Ушуну менен чектелип калбай алдыдда дагы да ийгиликтерге жеткиле. Бийлик созундо турсун эми.
29.08.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз элинин атын чыгаргандарды колдош керек. Онорлуу адамдарды которуш керек.
29.08.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бул сый акчаны спортчуларга бериш керек кыргыздын намысын коргоп кыргызды даназалап жатат булар бул акчага татыктуу женишинер кут болсун мекендештерим
29.08.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аны дагы кармап калбай толук бергиле берекесин кетирбей
29.08.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
5милион деле бергиле да милиондоп кресло кычкач деле алып атпайсынарбы
30.08.2018. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бериш керек. Бул кыз Кыргызстандын ордун көрсөтүп жатат, тарыхын жаңылап жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: