super.kg logo

Акыйкатчы институту Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугуна тынчсызданууда

 

Камактагы экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзүн убак-убагы менен дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп туруусу керектигин айткан. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери камакта жаткан мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугунан кабар алуу үчүн өзүнө жолугуп чыгышкан. Жолугушууда Сатыбалдиев 2013-жылы жүрөгүнө операция жасалганын, дарыгерлердин текшерүүсүнөн убак-убагы өтүп турушу керектигин айткан. Ошондой эле түнкүсүн уктай албай жатканын да кошумчалаган.

Акыйкатчы институту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугу боюнча кат жөнөтүшкөн. УКМК Сатыбалдиевди жакын арада дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтөрүн билдирген.

18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча шектүү катары мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө абагына киргизилген. 20-июнда Биринчи Май райондук соту Жантөрө Сатыбалдиевди тергөө бүткөнгө чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган.

8-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жантөрө Сатыбалдиевдин баш коргоо чарасын карап, камакта калуу мөөнөтүн 2 айга узарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
29.08.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеп жургондо неге оорубадынар экен?
29.08.2018. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көп жеп алып отравление болсо керек байкуш чал .
29.08.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш эмес. Ажыдаар. Кан журуп турган эллин акчасын жеген
29.08.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Оорусаңыз таарынам, оорусаңыз таарынам, оорубаңыз...")))
29.08.2018. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы кичине отурсаныз...10-15жыл срок алсаныз ошо менен поездиниз деле келип калат экен...Жеп жатканда ойлонуш керек болчу
29.08.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен дагы ден соолугуңузга тынчсызданып атам.Карыздар төлөнбөй калабы деп
29.08.2018. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бат эле ооруулуу болуп калышат
Мен президент болуп калсам,оорууган кандай экенин корсотмок элем.Ушулардыг айынан канча адам ооруп чет жерде журушот
30.08.2018. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин акысын уурдап жеп жүргөндө,түнкүсүн абдан соонун уктаса керек эле,ал жер курорт эмес чыдаңыз эми
30.08.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны өтө кучотулгон режимде жазалаш керек. Кемпир.
30.08.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо башталды оорумай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: