Дзюдочу Артур Те Жайкы Азия оюндарында коло медалды утуп алып Кыргыз капчыгына 18-медалды алып келди

Бүгүн, 29-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында дзюдо боюнча мелдеште кыргыз спортчусу Артур Те коло медалды тагынды.
Артур Те 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, коло медаль үчүн беттеште өзбекстандык Шахрам Ахадов менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө эки спортчу тең негизги убакытта упай ала албай, спортчулар кошумча убакытта беттешти улантты. Анда кыргыз спортчусу ыкма колдонуп 1 упайга ээ болду.
Муну менен жеңиш Артур Теге ыйгарылып, кыргыз спортчусу коло медалды тагынды.
Артур Те Кыргыз капчыгына 18-медалды алып келди. Буга чейин Кыргыз спортчулары 2 алтын, 6 күмүш жана 9 коло медалга ээ болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Токиодо отуучу дуйнолук оюндарда дагы дал ушундай корсоткучторго ээ болуп Кыргыз мамлекетин болуп корбогондой кубанычка болоону насип этсин!!!
Алга КЫРГЫЗСТАН!!!