super.kg logo

Эки колунан ажыраган жоокердин абалы оор болууда. Ага жардам берүүнү каалагандарга эсеп ачылды

 

Майлуу-Сууда токко урунуп эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин абалы оорлошууда. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 29-августта жеңеси Венера Өмүралиева кабарлады. Анын айтымында, ал ооруну басаңдатуучу дарынын жардамы менен жатат.

"Биринчи операциясында дароо өзүнө келип биз менен жакшы эле сүйлөшүп отурган. Кечээ экинчи колу кесилгенден кийин абалы жакшы эмес, биз менен сүйлөшкүсү келбей "чыккыла" деп эле ыйлактап жатат. Азыр ооруну басаңдатуучу дары менен жатат", - деди Өмүралиева.

Ал эми ага жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачылганын кошумчалады.

"Бүгүн KICB банкынан эсеп ачтык. Бирок банк бизге эсепти берген жок. Ошондуктан эртең аны колубузга алып, ЖМКларга жана социалдык баракчаларга таратабыз. Бирок Башкы штаб тарабынан Руслан аскерге барган учурда эсеп ачылган экен, ошону алдык. Жардам берүүнү каалагандар болсо көрсөтүлгөн эсепке акча которушса болот", - деди жоокердин жеңеси.

Руслан Сапарбаевге жардам берүүнү каалагандар апасы Венера Сейталиеванын 0707 75 00 80 телефон номуруна чалып же 1030121100001856 эсебине акча которуп койсоңуздар болот.

22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө бир күндүк нөөмөт учурунда электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган.

Анын жеңеси Венера Өмүралиеванын айтымында, ал иштебей турган электр щитине уялап алган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган. Ал эми Башкы штаб жоокер тыюу салынган белгилерге карабай трансформаторго кирип барып токко урунганын айтууда. Буга байланыштуу аталган аскердик бөлүктүн командири кызматтан алынган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
29.08.2018. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байкуш (,,, боорум ооруп кетти
ден-соолугунду берсин Аллахым
29.08.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жараткан Тенирим ден соолук берсин. Аман бол
29.08.2018. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо Бишкекте дарыланып жатабы?Каеринде
29.08.2018. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жашыбыз да тен,атыбыз да бир((
Русланга ден-соолук каалайм,аман-эсен сакайып кет/Келечегин кен болсун!
Электрондук эсебине колдон келишинче жардам корсотобуз буйруса..
Muslim_KGstana. түзөттү 2018-08-29 19:33:56
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: