super.kg logo
  Саясат  

"Электр станциялары" ишканасы Бишкек ЖЭБи үчүн 24 миллион сомго сатып алынуучу видеокамералар боюнча түшүндүрмө берди

 

"Электр станциялары" ишканасы Бишкек ЖЭБине 24 миллион 640 миң сомго сатып алынуучу кошумча видеобайкоо камералары боюнча түшүндүрмө берди. Аталган ишкананын башкы директорунун биринчи орун басары Исланбек Сарсейитовдун SUPER.KG’ге билдиришинче, жаңы алынуучу камералар эски блоктордогу жабдууларды байкоо үчүн орнотулмакчы.

"Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин түзүлгөн комиссия аталган борбордун бардык жагына видео көзөмөл орнотулушу керек деген жыйынтык чыгарышкан. Буга чейин да байкоочу камералар сатылып алынып, ал коомчулук тарабынан талкуу болгонун баарыбыз билебиз. Ал Бишкек ЖЭБиндеги жаңы курулган блокко коюу үчүн алынган. Эски блоктордо башынан эле видеокөзөмөл болгон эмес. Азыр ЖЭБдин бардык тарабына видеобайкоо коюлуп, алар бир экрандан көрүнүп тургандай болуп жасалат. 24 миллион 640 миң сомдун ичинде бардык видеобайкоо камералар системин орнотуу камтылган", - деди Сарсейитов.

Ушул жылдын 24-августунда "Электр станциялары" ишканасы Мамлекеттик сатып алуу порталы аркылуу 24 миллион 640 миң сомго видеобайкоочу камераларды алуу боюнча тендер жарыялаган. Ишкананын билдиришинче, техникалык системдер үчүн 155 байкоочу камера, ал эми Бишкек ЖЭБинин бардык аймагын көзөмөлгө алуу үчүн 55 байкоочу камера алынмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: