super.kg logo

"Кыргыз Темир жолунун" Бишкек-Москва поезд бригадасынын жетекчиси: "Ишкананын кызматкери мени негизсиз айыптап жатат"

 

"Кыргыз темир жолунун" Бишкек-Москва поезд бригадасынын жетекчиси Эркинай Жыргалбекова аталган ишкананын кызматкери аны негизсиз айыптап жатканын айтып, президентке кайрылуу жасады.

Анын айтымында, ишкананын кызматкери Алия Асанбаеванын жеке кызыкчылыктарын аткарбай койгондугу үчүн негизи жок коррупцияга тиешеси бар деп айыптап жатат.

Кайрылуунун тексти:

Урматтуу Сооронбай Шарипович, мен, Эркинай Жыргалбекова "Кыргыз темир жолунда" 30 жылдан бери эмгектенем. Учурда сиздин колдооңузга муктажмын!

Асанбаева Алия коомчулуктун башын айландырып, биздин ишканадан кемчиликтерди кетиргени үчүн жумуштан бошотулган Манас Кадыровдун тукуруусу менен сизге экинчи жолу кайрылып жатат. Ал кайрылуусунда менин аброюма шек келтирип, атымды каралап жатат. Мен мыйзамды сыйлаган жаран катары Алия Асанбаеванын үстүнөн сотко арыз жазгам. Бирок ал жоопкерчиликтен качуу үчүн Манас Кадыровдун менчик студиясында жалгандан көзүнө жаш алып, сизге кайрылуу жасады.

Жалпыга маалымдоо каражаттары менин мамлекетке 3 миллион сом зыян келтиргенимди жазышып, таратышууда. Бул жалган жалаа. Сиз ал кайрылууну жеке көзөмөлгө алгандан кийин бүткүл мамлекеттик органдар мага жабышып, сиздин алдыңызда кызмат кылып жаткандыгын көрсөткөнгө аракет кылышууда. Бул деген анык сотко басым жасоо.

Мен өмүр бою коррупцияга каршы күрөшүп келгем. Бул тууралуу бир гана биздин темир жол кызматы эмес, Орусиянын жана Казакстандын да темир жол кызматы жакшы билишет.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Мен азыр өзүмдүн келечегимден жана өмүрүмдөн кооптонуп турам. Анткени кыргыздын макалында айтылгандай "Чачты ал десе - башты алышат".

Биз мыйзамы бар, укуктук мамлекетте жашайбыз. Сот Алия Асанбаева экөөбүздүн ортобуздагы маселени адилет карап, чечим чыгаруусуна көзөмөл кылууңузду суранам.

Белгилей кетсек, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайра кайрылып, ишканадагы коррупциялык иштер тууралуу билдирген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.08.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр эч ким мойнуна албайт, баары эле суттой ак. Баары эле закон менен жашайбыз дешет тимеле. Экоонун тен уй мулкун текшериш керек.
30.08.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ууру тойгончо жеп,олгончо карганат болуп атат бул дагы...Коруп эле журобузго зайчик кылып алып кетишет.
30.08.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазадан кутулуш үчүн эмне гана кылбайсыңар акмактар.Силерди адам деп айтыш дагы кыйын.
30.08.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде озу таза адам калганбы озу????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: