super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө колдо багылган алгыр куштарга паспорт берилет

 

Кыргыз өлкөсүндө колдо багылган алгыр куштарга паспорт (идентификациялык карта) берилет. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган карта куштардын өлкө ичиндеги жана чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн ар кандай көргөзмөлөргө, сынактарга катышуу үчүн жана аңчылыкка чыгууда колдонулат.

"Аталган чечим өкмөттүн 2018-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы жырткыч жана алгыр куштарды багуу жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде ишке ашууда. Канаттууларга документ жана микрочип жасоо үчүн жакын арада тендер жарыяланат", - деп билдиришти агенттиктен.

Азыркы учурда өлкө аймагында 200гө жакын мүнүшкөр алгыр куштарды багышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.08.2018. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Койлор бутуп куштар калды эле, жакында уйдо баккан тоокторго да чыгарбасанар болду,
30.08.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Отпечаткасында алгыла эми
30.08.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элестеткиле буркут олуп калса, районго барып кара кагаз алып жургонун)))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: