super.kg logo

Өлкөдө салык төлөө мөөнөтү узартылды

 

Кыргыз өлкөсүндө дем алыш күндөрүнө байланыштуу унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү 4-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, салык кызматы жарандарды 4-сентябрга чейин майрам жана дем алыш күндөргө карабай саат 9:00дөн 22:00гө чейин кабыл алат.

"Унаа, турак жай жана жер салыктарын төлөөгө жетишпей калган жарандар калган күндөрү, анын ичинде 4-сентябрда да төлөө жүргүзө алышат. Төлөмдү банк мекемелеринин кассаларынан, терминалдардан, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот", - деп айтылат маалыматта.

Салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелет. Ал эми салыктарды өз убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом өлчөмүндөгү административдик айып салынат.

Ошондой эле салык төлөө мөөнөтү бүткөндөн кийин өз убагында төлөм жүргүзбөгөн жарандарды текшерүү үчүн рейд жүргүзүлөт.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.08.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам супер инфо, ушул салык кызматынын байланыш номерлерин алып бере аласынарбы, мен озум Москвада иштейм, жер салыгын толойм дегем,июнда аялым барып билчи десем, коп жылдан бери толобойт экенсинер,эки эсе кылып толойсунор дептир, на самом деле ушундайбы,кайдан билсек болот.ош обл.карасуу рай.шарк айыл окмот.фуркат айылы
asash түзөттү 2018-08-30 12:52:21
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: