Таластык дыйкандарга Казакстандын “Орталык” базарынан бекер орундар берилет
Таластык дыйкан-фермерлерге өндүргөн айыл чарба азык-түлүктөрүн сатуу үчүн Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Тараз шаарына жаңы курулган “Орталык” базарынан алгачкы эки айлык мөөнөт менен акысыз орундар берилет. Бул тууралуу аталган базардын директорунун кеңешчиси, ишкер Автандил Мамытбеков облус жетекчиси Койсун Курманалиева менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул базар өткөн жылдын аягында ишке кирип, жалпы аянты 22 гектар, Орто Азиядагы ири базарлардын бири болуп эсептелет. “Эң башкысы, биз таластык дыйкандардын коопсуздугун толук камсыз кылабыз”,- дейт Автандил Мамытбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

