Жети-Өгүз РИИБи: "Жон-Булак айылындагы массалык мушташ улут аралык жаңжал эмес"
30-июнь күнү Жети-Өгүз районуна караштуу Жон-Булак айыл аймагында 12-13 жашар өспүрүмдөр арасында чыккан маассалык мушташ улуттар аралык жаңжал эмес. Жети-Өгүз РИИБинин башчысы Калыс Жудеевдин айтымында, араздашуу жөн гана түшүнбөстүктөн чыгып, ал учурда жабыр тарткандар болгон эмес. Ошондой эле араздашкан эки тарап тең кыргыз улутундагы жарандар болгон. Чыр-чатактан кийин айыл аксакалдары өспүрүмдөрдү элдештирип, ынтымакка чакырган. Учурда аталган айыл аймагында абал тынч.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

