Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө өткөрүп берүү маселеси каралууда. Эстафета Түркияга өткөрүлүп берилиши мүмкүн
Учурда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө өткөрүп берүү маселеси каралууда. Түркияга өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул маселе Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-2-сентябрда Кыргыз мамлекетине жасаган расмий сапарынын алкагында каралат.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өткөрүлөт.
Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын келиши күтүлүүдө.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, ошондой эле белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылды.







1 |