super.kg logo
  Саясат  

Депутат Төрөбай Зулпукаров: "КСДПны кандай тагдыр күтүп турганын билбейм"

 

КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев партиядан чыгарылды. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП катарын тазалоону Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштады. Партияда жок, фракцияда бар КСДПны жакын арада кандай тагдыр күтүп турат?" деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров өз жообун билдирди.

Зулпукаровдун айтымында, КСДПнын келечектеги тагдыры кандай болорун билбей турганын айтты.

"КСДПны кандай тагдыр күтүп турат, билбейм. Саясий кеңештин атайын чечими чыгышы керек эле, жыйынга кеңештин канча мүчөсү катышты Кожобек Жайчыбековичтин партиядан эмне үчүн чыгарылганы тууралуу кворум барбы, анын КСДПдан чыгарылганын маалымат каражаттарынан гана уктум. Мен өзүм саясий кеңештин мүчөсүмүн, бирок мага эч кандай расмий же телефон чалып чакыруу болгон жок.Депутатты мандатынан ажыратуу боюнча партиянын же фракциянын мыйзам боюнча укугу жок. Ал эми Рыспаевди партиядан эмне үчүн чыгарганы боюнча кабарым жок. Толук билгенден кийин өз оюмду билдиргеним туура болот", - деди Зулпукаров.

КСДП фракциясынан депутаттар Айнуру Алтыбаева, Ирина Карамушкина, Мухтарбек Айнакулов, саясий серепчи Марс Сариев, Орозбек Молдалиев, КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: