super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ирина Карамушкина: "КСДПнын катарынан мындан ары да көптөгөн өзүнө ишенбеген жана чыккынчылар чыгышат"

 

КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев партиядан чыгарылды. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП катарын тазалоону Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштады. Партияда жок, фракцияда бар КСДПны жакын арада кандай тагдыр күтүп турат?" деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина жооп берди.

Ал КСДПнын уставына ылайык, саясий кеңеш добуш берүү менен партияны жаманатты кылган, элдин алдындагы милдеттерине жооп бербеген адамды партиядан чыгарганга укуктуу. "Кожобек Рыспаев 2015-жылы "Ар-Намыс" партиясынан депутаттыкка шайлоодон өтүш үчүн, Жогорку Кеңештеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин кайрадан төрагасы болуу үчүн КСДПга келген. ЖЭБдеги аварияга күнөөлүү деп айтылып жаткан Бишкек ЖЭБинин мурдагы башчысын ачык эле колдоодо. Ошол эле учурда Рыспаев ЖЭБдеги аварияга партияны күнөөлөп жатат. КСДПнын катарынан мындан ары да көптөгөн өзүнө ишенбеген жана чыккынчылар чыгышат. Катарыбызды толуктагысы келген сабаттуу, кайраттуу адамдар көп", - деди Карамушкина.

КСДП фракциясынан депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Мухтарбек Айнакулов, Ирина Карамушкина, саясий серепчи Марс Сариев, Орозбек Молдалиев, КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: