Журналист Адилет Султаналиев премьер-министрдин басма сөз катчысы болуп дайындалды
Журналист Адилет Султаналиев премьер-министрдин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-августта тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Адилет Султаналиев буга чейин Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинде редактор, президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти, бөлүм башчысынын орун басары болуп эмгектенген.
Өткөн жылы Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кеткенден кийин Адилет Султаналиев да президенттин маалыматтык саясат бөлүмүндөгү кызматынан кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.