super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев 31-августта өтүүчү иш-чарага ден соолугуна байланыштуу катыша албай турганын КСДП билдирди

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 31-август - Эгемендүүлүк майрамында "Ала-Тоо" аянтында өтүүчү майрамдык иш-чарага ден соолугуна байланыштуу катыша албайт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.

"Экс-президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу 2018-жылдын 31-августундагы Эгемендүүлүк күнүн үй-бүлөсү менен белгилейт. Тилекке каршы, жакында эле кармаган оорусу Алмазбек Атамбаевге "Ала-Тоо" аянтында өтө турган расмий иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк бербейт. Ал радикулит илдетинен жабыркап жатат. Адистер ага азырынча узакка созулган иш-чараларга катышпай туруусун сунушташкан", - деди Жолдубаева.

Партия өкүлү кошумчалагандай, Алмазбек Атамбаевге III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыруу келген эмес.

"31-августтагы иш-чарага чакыруу баракчасы келди. Ал эми Көчмөндөр оюндарына бейджик берип жиберишиптир. Бейджиктерде аты-жөнү жазылган эмес", - деди Жолдубаева.

Буга чейин президенттик аппарат өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев 31-августта "Ала-Тоо" аянтында өтө турган салтанаттуу иш-чарага чакырыла турганын айткан. Кийин КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевге 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата "Ала-Тоо" аянтында өтчү иш-чарага чакыруу берилгенин маалымдаган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: