super.kg logo
  Саясат  

Евгений Гуревич: "Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен"

 

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен. Бул тууралуу кезинде Бакиевдердин каржылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич "Азаттыкка" берген маегинде билдирди. Анда ал бул боюнча жетиштүү далилдер колунда бар экенин, Кыргыз өкмөтү менен кызматташууга даярдыгын айткан.

"Бул каражаттар 5-6-апрелде революциянын алдында же андан көп өтпөй шашылыш түрдө чыгарылып кеткен деген легенда айтылып жүрөт. Андай эмес. Каражаттар Бакиевдердин кланы өлкөнү башкарууга киришкен учурдан тарта эле өлкөдөн чыгарыла баштаган. Бул түшүнүктүү. Диверсификация идеясы Бакиевдерге жакшы тааныш болчу. Андыктан оффшор компанияларынан баштап карыз инструменттерине чейинки кадыресе схемалар болгон. Акчаны чыгарып кетүүдө адаттан тыш, өзгөчө деле схемалар болгон эмес. Бирок телекоммуникация, банк системдери сыяктуу бардык тармактарга массалык түрдө аралашуу аракети болгон. Дал ушул жол өлкөдөн чыгарылган каражаттардын базасын түзүп берген", - дейт Гуревич.

Гуревич Кыргыз өлкөсүндө бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: