super.kg logo

SUPER.KG порталы кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт

 

Мындан 27 жыл мурда дал ушул күнү Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңеши СССРдин курамынан чыгуу тууралуу декларацияга кол коюп, мамлекеттин көз карандысыздыгын түзгөн. 1991-жылдын 31-августунан тарта Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган мамлекеттердин катарына кошулган.

Чейрек кылым аралыгында жергебизде кыйын кырдаалдар, кандуу окуялар дагы болду. Ошого карабастан элибиз оңолууга, жакшы деңгээлге көтөрүлүүгө кылган аракеттери менен алдыга жылып келет.

31-август - Эгемендүүлүк күнү өлкөбүздөгү эң маанилүү майрамдардын бири. Бүл күн кыргыз жергесинде жашаган ар бир жарандын, Ата Мекенди сүйүүчүлөрдүн, эли-жери үчүн күйгөн инсандардын майрамы.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыз элин эркиндикти алып келген Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!

"Улуу күндөрдүн бири болгон Эгемендүүлүк күнү ар бириңиздердин үйүңүздөргө тынчтык, өлкөбүзгө өнүгүү алып келсин. Кыргыз жергесинде бакубат жашоо, бардар турмуш орун алсын. Үй-бүлөңүздөрдө жакшылык ыроолоп, ырыскыңар мол болушун каалайбыз. Желегибиз желбиреп, мекенибиз дайыма өнүгүү жолунда болсун. Асман тиреген Ала-Тоодон тынчтык, дөөлөт кетпесин!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: