Бишкекте 6 кабаттуу жаңы оорукана ачылды
Жаңы ашке кирген Урология борборунун кире бериши


Жаңы ашке кирген Урология борборунун кире бериши

Жаңы, заманбап үлгүдө курулган борбор 6 кабаттан турат

Аталган борбордун дарыгерлеринин кубанычында чек жок

Оорукананын ичинен бир көрүнүш

Дарыгерлер: "Үстүңкү кабатка лифт менен көтөрүлөлү"

Медицина кызматкерлери борбордун ачылышы менен бири-бирин минтип куттукташты

Оорукананын 6-кабатында операция бөлмөлөрү жайгашкан

Оорукананын ичинен бир көрүнүш

Ооруканадагы лифт бузулуп кала турган болсо, күзөтчүлөргө ушул телефондорго билдирүү келет

Бул жабдуу аркылуу күзөтчү менен ооруканадагы ар бир адам байланышса болот

Борборду электр жарыгы менен камсыз кылуучу жабдуу

Эски урология борборунда 6-7 киши бир бөлмөдө жатса, бул жерде 3 бейтапка гана ылайыкталган

Ар бир бөлмө заманбап жабдуулар менен жабдылган

Санариптик рентген аппаратында жыйынтык 10 мүнөттө даяр болот

Саламаттыкты сактоо министри жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси борборду кыдырып чыгышты

Заманбап жабдуулар менен камсыз болгон лаборатория бөлүмү

Операция бөлмөсү

Операция кылуучу бөлмө аба алмаштыруу системи менен жабдылган

Операция кылуучу бөлүм заманбап жабдуулар менен камсыздалган

Хирургия бөлүмүнүн адистери жаңы жабдууларды көрүп кубанышууда

Операциялык бөлүмдү кварцтоо ушул жабдуу аркылуу жүргүзүлөт

Кол жуучу жайлар ар бир бөлмөдө, залда жайгашкан, ошондой эле сенсордук болуп саналат

Операциядан соң бейтаптар анестезиология бөлүмүнө жаткырылат
Бүгүн, 2-июлда Улуттук госпиталдын аймагында жаңы,
6 кабаттуу республикалык илимий урология борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болду. 150 орундуу бул
бейтапкана Кытай өкмөтү тарабынан гранттык негизде курулуп, заманбап медициналык
жабдыктар менен камсыздалган. Бул жаңы оорукана урологиялык жактан ооругандарга
жана көзү жабыркагандарга жардам көрсөтүүчү мамлекеттик борбор болуп саналат. Улуттук
госпиталдын башкы дарыгери Мирбек Нуралиев белгилегендей, жаңы имаратта
заманбап талаптарга ылайык жабдылган 4 урологиялык операция кылуучу бөлүм жана
1 офтальмологиялык операция жасоочу бөлүм жайгашкан. “Бул оорукана операция
жасоочу шарттары жана жаңы медициналык жабдуулары менен айырмаланат.
Кудай буюрса, 1 аптанын ичинде бул жер толук кандуу иштеп баштайт. Бул жерде операция
жасоого дарыгерлер үчүн да, ооруп келген бейтаптар үчүн да жакшы шарттар түзүлгөн.
Кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдирем”,- деди ал.
Автор: Ширин Жумадилова
Фото: Ширин Жумадилова
Бишкекте жаӊы медициналык борбор ачылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

