super.kg logo
  Спорт  

Лука Модрич УЕФАнын мыкты оюнчусу аталды

 

Реал Мадрид клубунун жана Хорватия курама командасынын жарым коргоочусу Лука Модрич "УЕФАнын мыкты футболчусу" наамын жеңип, 2017-2018-футболдук сезондун мыкты оюнчусу аталды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтында жарыяланган.

Маалыматка ылайык, сыйлоо аземи 30-августта Монако шаарында өттү. Бул наам үчүн Модрич менен бирге Египеттин жана Ливерпулдун чабуулчусу Мохаммед Салах жана Португалия менен Ювентустун чабуулчусу Криштиану Роналду ат салышкан.

Добуш берүүдө Модрич 313 упайга ээ болду. Роналду 223 упай менен экинчи, Салах 134 упай менен үчүнчү орунду алган болсо, алдыңкы ондукка Антуан Гризманн (72 упай), Лионель Месси (55 упай), Килиан Мбаппе (43 упай), Кевин де Брюйне (28 упай), Рафаэль Варан (23 упай), Эден Азар (15 упай) жана Серхио Рамос (12 упай) кирген.

Ошондой эле сыйлык тапшыруу аземинде ар бир позициянын мыктылары да аныкталды. "Мыкты дарбазачы наамын" - Кейлор Навас, "Мыкты коргоочу" наамын - Серхио Рамос, "Мыкты жарым коргоочу" наамын - Лука Модрич, "Мыкты чабуулчу" наамын - Криштиану Роналду жеңип алды.

"УЕФАнын мыкты футболчусу" сыйлыгын Лука Модрич алгачкы жолу жеңди. Сыйлык 2011-жылдан бери тапшырылып, бул аралыкта 3 жолу Криштиану Роналду, 2 жолу Лионель Месси, 1 жолу Андрес Иньеста дагы 1 жолу Франк Рибери жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
31.08.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Реалдын оюнчулары да, Реал дагы кучтуу команда экенин корсотту. Hala Madrid
31.08.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Реал алгааа
31.08.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына кечинде Монако шаарында канчалаган футбол адистеринин катышуусунда акыйкат турдо Реалдын балдары наамдарды шыпырды.жаша Реал
31.08.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эн олум группасы ливерпуль псж наполи црвена звезда тушту дагы бир олум группа барса интер тотенхем псв болду реалдын соперниктери баягы эле цска москва виктория чехия и рома
31.08.2018. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
murat17,туура
31.08.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
murat17,жакшы элеби былтыркыны билбей коз туман бастыбы.. Ювентус ПСЖ Ливерпуль ким ыргытты коро албастык да.. барсан романдан ыргып кеттиго
31.08.2018. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Taku.14.02,ливерпулду ыргыта алмак эмес салахты рамос эшек жаракаттабаганда кызыл карточканы корбозду рамоско аа рамосто бет деле жок экен
01.09.2018. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
murat17,чычкан куйругун коруп аксайт.. акыркы 5 жылда 4 жолу лига жениш бул озу эрдик бир да клуб 2 жолу жене элек катары менен реалдан башка
01.09.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taku.14.02,озун кандай деп ойлойсун рамостуку туурабы ушул сууроого жооп берчи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: